Бүгүн FIFA уюму футбол боюнча улуттук курамалардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстандын улуттук курама командасы бир позицияга төмөндөдү — буга чейин 96-орунда болсо, эми 97чи баскычта (211 орундун ичинен).
АФКнын рейтингинде улуттук курамакоманда 46 орундун ичинен 17-сапта жайгашкан.
Аргентина, Франция жана Бразилия топ 3 дүйнөлүк рейтингдеги лидерлер болгон. АФК рейтингиндеги алдыңкы үч лидери — Япония, Иран жана Австралия
Азия Кубогу: «F» тайпасындагы командалардын рейтинги:
Сауд Арабиясы — 53-орун (0,0)
Оман — 73-орун (-1.09)
Кыргызстан 97-орун (-0.64)
Таиланд — 113-орун (+ 2,49)