• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

ФИФА: Өзбекстан Ривалдо менен Денилсонго 9.5 миллион евро төлөп бериши керек

26 Бирдин айы 2024 18:08 Бишкек Govori.TV

ФИФАнын Тартип комитети өзбекстандык «Бунёдкор» футбол клубу команданын мурдагы оюнчулары Ривалдо менен Денилсонго 9,5 миллион евро карыз жана бул карызды төлөп бериши керек деген чечим чыгарды.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, ФИФАнын 22-февралдагы чечиминде «Бунёдкор» футбол клубу Ривалдого 8,1 миллион евро жана дагы бир бразилиялык футболчу Денилсонго 1,1 миллион евро карыз экени аныкталган. Чечим Өзбекстандын футбол ассоциациясына жөнөтүлдү.

«Бунёдкор» ФИФАнын Талаштарды чечүү палатасынын 2017-жылдагы чечимин толук аткарбаганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Муну 2023-жылдын 6-ноябрында Спорттук арбитраждык сот толугу менен тастыктаган.

«Бунёдкор» клубу жогоруда көрсөтүлгөн сумманы 30 күндүн ичинде төлөөгө милдеттүү. Болбосо ФИФА клубга каршы санкцияларды киргизиши мүмкүн.

Ривалдо 2008-2010-жылдары «Бунёдкор» футболдук клубунда ойноп, Өзбекстандын үч жолку чемпиону болгон. Денилсон «Бунёдкор» менен 2010-жылы чемпион болгон.

«Бунёдкор» менен бразилиялык футболчулардын ортосундагы каржылык талаш 2010-жылдан бери уланып келет.

Количество просмотров: 141