• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Фильтруй базар!”. Ой эркиндигин чектеген мыйзам жактырылды…

12 Бирдин айы 2018 17:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.02. 2018. Govori.TV
Парламенттеги социалдык маселелер боюнча комитет КСПДнын депутаты Дастан Бекешов демилгелеген Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү кийирүү  боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул долбоордун мааниси социалдык түйүндөрдөгү жарандардын пикирине чек коюу болчу. Ал эми демилгечи болсо мыйзамын ММКлардагы жана соцтүйүндөрдөгү адамдардын кадыр-баркына, беделине шек келтирген маалыматтарды алдын алуу жана аны төгүндөөнү эрежелештирүү деп түшүндүрөт.
Анда «Ата Мекен» фракциясынан депутат Наталья Никитенко бул демилге кооптуу экенин айтты.
«Учурда реалдуу жашоодо баары биз ойлогондой болгон жок. Учурда жарандар кеңири өз оюн айткан жалгыз эле интернеттеги социалдык түйүндөр калды. Ошондуктан мен сиздин сунушуңуз менен макул эмесмин. Бул өтө кооптуу. Бул мыйзам айрым учурда башка саясий кызыкчылыктар үчүн иштеп кетиши мүмкүн. Биз кош стандарттуулукка да күбө болуудабыз», — деди Никитенко.
Долбоор талкууланып жатканда депутат Аида Касмалиева  компенсациянын 20 миң сом деп өлчөнүшү кайдан алынганына кызыкты. “Компенсациянын көлөмүн 20 миң сом деп кантип өлчөдүңөр? Ал эми өлкөдөгү эң аз жашоо-тиричилик талабын эске алдыңарбы? Бизде көпчүлүк жарандар үчүн 20 миң сом деген өтө чоң сумма, жарандар буга жетпей жүрүшөт…Ал эми миллиондогон доолорчу?”-,деди эл өкүлү.
Ага болсо Дастан Бекешов: “Бул боюнча Алмаз Атамбаевге кайрылгыла, ошол туура болот. Ал турсун Жогорку Сот кээде рамкадан чыгып кетип жаткан учурлар бар”,-деп жооп узатты.
Акыры аталган мыйзам долбоору комитеттин колдоосун таап, ЖКнын жыйынына алып чыгыла турган болду.
Количество просмотров: 23