• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Финансы министринин орун басары коронавирус жуктурду

29 Кулжа 2020 14:32 Бишкек Govori.TV

Финансы министринин орун басары
Абдыбалы тегин Суеркул коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Финансы министрлигинде үч адамдан COVID-19 табылган. Учурда экөө ооруканада, бир кызматкер үйүндө дарыланып жатат.

“Биз ведомстводо дезинфекциялоо иштерин жүргүздүк. Бардык байланышта болгон адамдар ПЧР анализин тапшырды. Бүгүнкү күндө коронавируска каршы күрөшүү штабынын сунушун эске алып, кеңседе иштеген адамдардын саны кыскартылды. Көбү аралыктан иштөөгө жөнөтүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 49