• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Финансы министрлигине Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги көрсөтүлдү

10 Бештин айы 201812:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.12.2018.Govori.TV.

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде финансы министринин кызматына президенттин кеңешчиси Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги каралат. Бул тууралуу парламенттин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

6-декабрь күнү финансы министри Адылбек Касымалиев кызматтан кеткен. Анда министрдин кызматын тапшыруу тууралуу өтүнүчү кабыл алынганы айтылган. 58 жаштагы Адылбек Касымалиев 2015-жылдан бери финансы министри болуп иштеп келген.

Количество просмотров: 52