• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана өкмөттүн аппаратынын мурдагы кызматкери кармалды

22 Бирдин айы 2022 20:12 Бишкек Govori.TV

Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана өкмөттүн аппаратынын мурдагы кызматкери кармалды, — деп билдирет КР УКМКнын маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, УКМК тарабынан социалдык объектилерди курууга бөлүнгөн акча каражаттарынын бир бөлүгүн ыйгарып алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган Бишкек шаарынын вице-мэри У.А., карата козголгон кылмыш ишин териштирүүнүн жүрүшүндө, КР Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы К.А.М., жана КР өкмөтүнүн аппаратынын мурдагы кызматкери А.М.Б., тиешеси бар экени аныкталды.

Кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, “Г.П.С.” ЖЧК Чүй облусундагы Т.Каракеев атындагы орто мектепти курууга тендерди бергенден кийин, Т.Г.Т., аттуу жетекчисинде курулушту каржылоо жагынан мамлекеттин жогорку кызматкерлери тарабынан жасалма түрдө түзүлгөн схемалык көйгөйлөр болгон. Алардын негизги максаты мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражатынын бир бөлүгүн өзүлөрүнө ыйгарып алуу болгон.

Белгилей кетсек, К.А.М., курулушка мамлекеттик бюджеттен акча каражаттарды бөлүү, анын объектилерди аныктоо жагынан кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон.

Буга байланыштуу Т.Г.Т., жогорудагы кызмат адамдарына жалпы сумманын 5% өлчөмүндөгү акча каражатын же 1 млн 500 миң сом пара катары өткөрүп берген.

2022-жылдын 21-февралында бул иш боюнча К.А.М., жана А.М.Б., кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан ар кандай социалдык объектилерди курууда айрым кызмат адамдар тарабынан акча каражаттарын өзүлөрүнө ыйгарып алуу боюнча коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 114