• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Финляндиянын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоду

23 Жалган куран 202213:26 Бишкек Govori.TV

Финляндиянын президенти Саули Ниинистё Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“2022-жылдын 23-мартында Финляндия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Сизге чын жүрөктөн куттуктоомду, ошондой эле Сиздин өлкөңүзгө жана анын элине гүлдөп-өнүгүүнү, бакубатчылык кааларымды айткым келет”, — деп айтылат куттуктоо катында.

Количество просмотров: 342