• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Финпол: “Айкөл Ала-Тоо» кыймылынын жетекчилери коомдун акчасын кымтып алышкан

28 Үчтүн айы 2019 16:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мурдагы жетекчиси жана анын орун басары коомдун мүчөлөрүнө материалдык жана социалдык жардам катары түшкөн акчаны өздөрүнө ыйгарып алышканы тергөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган. Маалыматта айтылгандай, 2018-жылы Финполицияга «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү коомдун мурунку төрагасы Мээрбек Мискенбаев жана башка башкаруучу мүчөлөр бирикмеге чогулган акчаны «кымырып алышкан» деген арыз менен кайрылышкан. Арыздын негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында топтолгон материалдарга ылайык “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси жана анын орун басары Т. аттуу жаран 2 млн. сомдон көп суммадагы көмүр түрүндөгү бекер материалдык жардамды өздөрүнө ыйгарып алышканы да тастыкталган.

Өткөн аптада да Мискенбаев Финансы полициясына эки күн сурак берген.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) мүчөсү, парламенттин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаевге байланыштуу иш 2016-жылы козголгон. “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алыйкулова «Мискенбаев бул уюмду жетектеп турган учурда апрель ыңкылабынын катышуучулары үчүн кайтарымсыз жардам катары берилген, баасы 2 миллион сомдук көмүрдү сатып жиберген» деп айыптаган. Отунду “Кыргызкөмүр” ишканасы бергени айтылган.

“Азаттык” радиосундагы буга чейинки курган маегинде Мискенбаев өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 24