• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Формалдуу эмес экономика: өлкөгө жана ар бирибизге кандай таасир этет?

6 Үчтүн айы 2022 17:28 Бишкек Govori.TV

ЖИА бизнес-ассоциациясы «Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү» долбоорунун алкагында « «Формалдуу эмес экономика: өлкөгө жана ар бирибизге кандай таасир этет?» деген аталышта журналисттик материалдар сынагын (мындан ары — Сынак) жарыялайт. 

«Формалдуу эмес экономика: өлкөгө жана ар бирибизге кандай таасир этет?» сынагы формалдуу эмес экономиканын: 1) өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүшүнө, 2) Кыргыз Республикасында жарандардын татыктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө тийгизген таасири темасына арналган.

Көрүлүп жаткан аракеттерге карабастан, КЫРГЫЗСТАНДА формалдуу эмес экономиканын ДЕҢГЭЭЛИ дагы эле жогору бойдон калууда, андыктан бул теманы актуалдаштыруу жана формалдуу экономикага өтүүдө эмгек рыногунун ар кандай катышуучуларынын ролун көрсөтүү маанилүү. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча 2019-жылы формалдуу эмес экономиканын деңгээли өлкөнүн ИДПсына карата 24%ды түзгөн. 

Бүгүнкү күндө «формалдуу эмес экономика» көйгөйүн түшүнүү мамлекеттик бюджетке толук түшпөгөн каражаттар тууралуу фактыларды билдирүү жана формалдуулукка өтүү зарылчылыгы жөнүндө билдирүүлөр менен гана чектелип, бир катар прогрессивдүү мыйзам актылары кабыл алынгандыгына карабастан, бул чөйрөдөгү абал жакшырбай, тема жарандык укуктардын, алардын татыктуу эмгекке укуктарын бузуу контекстинде каралбай жаткандыгын белгилей кетүү керек.

Сынактын максаты – ЖМКларды бул темаларга көңүл бурууга үндөө, көйгөйдү  ЖИА бизнес ассоциациясына кирген ишканалардын ишинин мисалында изилдөө, аларды кеңири чагылдырууну камсыз кылуу, бул формалдуу экономикага өтүүнүн, ишкерлер үчүн тиешелүү шарттарды түзүүнүн, жарандардын эмгек укуктарын сактоонун, татыктуу эмгек шарттарын калыптандыруунун, бизнести жоопкерчиликтүү жүргүзүүнү камсыз кылуунун жана башкалар аркылуу чараларды көрүүгө өкмөткө дем берүүнүн коомдук маанилүүлүгүн түшүнүүнү жогорулатуу үчүн мааниге ээ. Мунун бардыгы Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерде баяндалат. 

Сынактын милдеттери:

• ЖМКда материалдар аркылуу Кыргыз Республикасындагы формалдуу эмес экономиканын көйгөйүн ачуу;

•    ЖИA мүчөлөрү туш болгон көйгөйлөр жөнүндө айтып берүү, формалдуу экономикага өтүү боюнча алардын тынчсызданууларын жана чочулоолорун аныктап, формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүүгө жана бизнес жүргүзүүгө жооптуу адамга көмөк көрсөтүү үчүн бул Бизнес ассоциациясынын алдына койгон максаттары менен таанышуу;

• талдоо жүргүзүү, серептер жана жарыялоолор аркылуу колдонуудагы эмгек мыйзамдарын сактоого негизделген эмгектин бардык деңгээлдеги татыктуу шарттарын Кыргыз Республикасында камсыз кылуу темасын көтөрүү;

• реалдуу окуяларды ачып берүү, анын ичинде ЭЭУнун адамдарга багытталган максаттарда иш-аракет кылууга глобалдык чакырыктары аркылуу формалдуу эмес экономикадан бүткүл тармактардагы бардык кызматкерлерди коргоону камсыз кылуучу формалдуу экономикага өтүү жөнүндө ЭЭУнун 204-сунушу тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу.  

Сынактын катышуучулары:

Сынакка катышууга кесипкөй журналисттер, өз иштерин катталган борбордук жана региондук жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгаруучу — телеканалдарда, радиостанцияларда, каалаган мезгилдүүлүктө чыгуучу басылма ЖМКлардын, интернет ЖМКлардын штаттык жана штаттан тышкаркы журналисттери, ошондой эле өз материалдарын Интернет тармагына жайгаштырган блоггерлер чакырылат.

Сынакка катышуу үчүн акы алынбайт, иштер рецензияланбайт жана коммерциялык эмес пайдалануу жана ЖМКнын редакциялары үчүн мисал катары мультимедиялык билим берүү продукциясына кошуу укугу менен уюштуруучулардын тескөөсүндө калтырылат.

Сынактын номинациялары:

1. Теманы ачып берген басылма ЖМКлардагы эң мыкты материал.

2. Электрондук ЖМКлардагы (маалымат агенттиктериндеги) эң мыкты материал.

3. Телеканалдарга чыккан мыкты видеорепортаж.

4. Социалдык тармактардагы эң мыкты материал.

Баалоо критерийлери:

Сынакка жөнөтүлгөн материалдарды баалоодо төмөнкүдөй критерийлер эске алынат:

• Басылмалардын же сюжеттердин Сынактын предметине жана темаларына ылайык келиши.

• Колдонулган маалыматтардын ишенимдүүлүгү жана кесипкөйлүк.

• Кеңири аудитория үчүн басылмалардын кызыктуулугу.

• Баяндоонун конкреттүүлүгү, айкындыгы, тактыгы жана жеткиликтүүлүгү, аудиториянын темага тартылышы.

• Тили, стилистикасы, визуалдык көрүнүштөр, чыгармачыл мамиле.

• Ар кандай кызыкдар тараптардын (өкмөт, кесиптик бирликтер, иш берүүчүлөр, бизнес, кызматкерлер) көз караштарын жана ой-пикирлерин чагылдырган тең салмактуу пикирлерди берүү.

• Формалдуу эмес экономиканын көйгөйлөрүн чечүү, эмгекти коргоо, формалдуу эмгек рыногун өнүктүрүү, мыйзамдарды өркүндөтүү үчүн чыгармачыл чечимдерди көрсөтүү.

• Реалдуу окуяларды изилдөө.

• Эмгек рыногунда стереотиптерди, ксенофобияны жана басмырлоону жеңүү.

• Бул теманы ачып берүү үчүн маалымат журналистикасы жана анын мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу тиешелүү ыкмаларды пайдалануу колдоого алынат.

• Жарыяланган материалдын мультимедиалык элементтеринин сапаты (аудио, видео, инфографика ж.б.).

  • Эки материалдан кем эмес.

Баалоо: 

Сынактын иштерин баалоо үчүн калыстар тобу бизнестин, кесиптик бирликтин, өкмөттүн өкүлдөрүнүн, ЭЭУ өкүлдөрүнүн арасынан түзүлөт.

Материалдарды [email protected] электрондук почта дареги боюнча төмөнкү маалыматтарды: аты-жөнү, редакциянын аталышы, жарыяланган күнү, материалдын аталышы, материалга шилтеме жана скриншоттор, ошондой эле эмне үчүн бул темага кайрылгандыгыӊыздар тууралуу кыскача негиздемени көрсөтүү менен жөнөтө аласыздар.

Сыйлыктар. Китептерди сатып алуу боюнча 4 сертификат: ар бири 4000 сомго.

Количество просмотров: 100