• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Фоторепортаж — Жээнбеков: Чек аралар аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалын талкуулоо бизге маанилүү

6 Бештин айы 2018 18:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.12.2018.Govori.TV   

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Сүрөткө түшүү аземинен соң Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү тар жана кеңейтилген курамдардагы жолугушуу уюштурушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууну уюштурганы, жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн россиялык тарапка  жана Россия Президенти Владимир Путинге ыраазылык билдирди жана 2018-жылы Биримдиктин органдарындагы төрагалыгынын ийгиликтүү жана жемиштүү аякташы менен аны куттуктады, ошондой эле Армения премьер-министри Никол Пашинянга 2019-жылы ийгиликтүү төрагалык кылуусун каалады.

«Биз чек аралар аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жөнүндө маселени талкуулоо маанилүү деп эсептейбиз. Атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууну болтурбоо боюнча кабыл алынган чараларды терең талдап, натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү эл аралык уюм катары Биримдик жөнүндө дайыма позитивдүү пикирди калыптандырууга тийишпиз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал кол коюлган документтер бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө барандуу салым кошоруна ишеним билдирди.

«Евразия мейкининдеги ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн биздин Бирикменин зор мүмкүнчүлүктөрү бар, биз аларды толук пайдаланышыбыз керек. Ушул өңүттөн алганда кандай гана болбосун тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюу биздин ишибиздин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. ЕАЭБ мейкининде төрт негизги эркиндиктерди — товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн жүрүү эркиндигин жүзөгө ашыруу маанилүү деп эсептейм. Биз бири-бирибизди колдоп, жаңы тоскоолдуктарды жоюшубуз керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

Ал белгилегендей, 2019-жылы бирдиктүү экономикалык саясат ишке ашырыла турган секторлордун жана тармактардын санын арттыруу боюнча иш жүргүзүү, биргелешкен ишканаларды түзүү менен агроөнөржай секторунда кооперацияны күчөтүү маанилүү. Бул пландарды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын, Евразиялык экономикалык комиссиянын жана бизнестин ортосундагы өз ара тыгыз байланыш болушу зарыл. Ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду турмушка ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.

«Биз биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу Биримдиктин бардык өлкөлөрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшүнө алып келерине ишенебиз. Ошону менен бирге Евразиялык экономикалык комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарыл экенин кыргыз тарап бир нече жолу белгилеген. Бул тууралуу мен Жогорку Кеңештин өткөн жыйынында белгилегем. Комиссия, Бирикмеге мүчө мамлекеттер менен бирге бул демилгени ишке ашыруу үчүн тийиштүү иш-чараларды өткөрүшү зарыл деп эсептейм», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Сөзүнүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен мамилелер Кыргыз Республикасынын айныгыс приоритети бойдон калаарын баса белгиледи, өлкөнүн ачык, өз ара ишенимдүү диалогго даяр экенин билдирип, Евразия экономикалык биримдик боюнча өнөктөштөрдү биргелешкен активдүү ишке чакырды.

 

 

 

Количество просмотров: 21