• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Футбол боюнча жаштар курамасы Азия кубогуна даярдыгын баштайт

19 Бештин айы 202414:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы жаңы башкы машыктыруучу Сергий Пучковдун жетекчилиги астында Азия Кубогунун финалдык этабына даярдыктарды баштайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, U-20 жаштар курамасы 12-февралдан 1-мартка чейин Шэньчжэнь шаарында (Кытай) өтө турган континенталдык турнирде ойнойт. Кыргызстан курамасы Австралия, Кытай жана Катар курамалары менен бир тайпада жайгашкан.

Даярдыктын биринчи этабынын алкагында команда Ысык-Көлдүн «Кыргызское взморье резорт» пансионатында старттык окуу машыгуу жыйындарын өткөрөт. Андан ары 1-январдан тарта команда Испанияда окуу-машыгуу жыйынын улантып, 5 контролдук беттеш өткөрөт. Андан соң курама турнирге катышуу үчүн Кытайга сапар алат.

Количество просмотров: 132