• Жекшемби 21 Кулжа 2026
  • Воскресенье 21 Июнь 2026

Футбол: Кыргызстан Сингапурга 2 гол киргизди

8 Кулжа 202222:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Сингапурдун дарбазасына удаасы менен эки гол киргизди.

Экинчи таймдын 30-мүнөтүндө улуттук кураманын капитаны Кичин пенальтиде эсепти 1:1ге теңеди.

Көп узабай, кыргыз курамасынын оюнчусу Виктор Майер атаандаштын дарбазасына дагы бир топ киргизип, эсеп Кыргызстандын пайдасына 2:1 болду.

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионундо өтүп, ага 7322 жаран күйөрмандык кылууда.

Количество просмотров: 132