• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Футбол: Өзбекстан-Ирак беттешинде күйөрмандар таш ыргытып, фотограф менен оператор жаракат алды

13 Кулжа 2022 10:10 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан менен Ирактын футбол боюнча өспүрүмдөр (U-23) курама командаларынын ортосундагы беттеш маалында күйөрмандар оюн талаасына таш ыргытып, фотограф менен оператор жаракат алды. Бул тууралуу Газета.уз сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын командасы 11-июнда Ташкенттеги «Пахтакор» стадионунда өткөн беттеште пенальтилер сериясында (оюн эсеби 2:2) 3:2 эсебинде жеңишке жетип, Азия кубогунун жарым финалына чыкты.

Ирактын U-23 курама командасынын башкы машыктыруучусу Мирослав Соукуп оюн талаасына таш ыргытылгандан кийин беттеш токтотулушу керек болчу деп эсептейт.

«Карьерамда биринчи жолу ыргытылган таштардын алдында футбол ойнодук. Оюнчуларым жакшылап машыгуу өткөрө алышкан жок. Машыктыруучу штаб алмашууда отурган оюнчулардын жанынан чыга алган жок. Буга өзбекстандык күйөрмандардын оюн талаасына таштарды ыргытканы себеп болду. Мен Азиянын футбол конфедерациясынан (АФК) сурагым келет: бул нормалдуу көрүнүшпү? Кечирип койгула, бирок беттешти токтотуу керек болчу. Оюн жөнүндө айткым келбейт, мен анын жыйынтыгына эмес, кандай шартта утулуп калганыбызга капамын. Күйөрмандар бизге өтө эле ашыкча басым кылышты. Мындай болбойт. Биз жаракат алып калабыз деп коркпостон, коопсуз жерде ойношубуз керек болчу», – деди чехиялык адис.

Өз кезегинде Өзбекстандагы «Миллий тикланиш» партиясынын төрагасы Алишер Кадиров «оюн талаасына таш ыргытка ар бир күйөрман өлкөнүн, өзбек элинин жана жаштардын бетине таш ыргытканын түшүнүшү керек» деп билдирди.

Количество просмотров: 2523