Футбол: Жарым финалга чыккан эки команда аныкталды
Футбол: Жарым финалга чыккан эки команда аныкталды
7 Теке 201811:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.07.2018.Govori.TV.
Футбол боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында жарым финалга чыккан эки команда аныкталды.
Кече, Бельгиянын улуттук курама командасы Бразилия менен ойноп, 2:1 эсебинде утуп алды.Натыйжада чемпионатка эң күчтүү команда катарында келген Бразилия турнирден четтеди.
Буга чейин, Уругвайдын футбол боюнча курама командасы франциялык топ тепкичтерге 0:2 эсебинде утулуп калды.
Бельгиялыктар жарым финалда Франция менен ойнойт. Эки Европа өлкөсүнүн оюну 10-июлда болот.
7-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык беттештери уланат. Жарым финалга жолдомо алуу үчүн Швеция – Англия жана Орусия – Хорватия командалары жашыл талаага чыгат. Биринчи оюн кечки саат сегизде башталат. Ал эми Орусия – Хорватия курамаларынын беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө старт алат.