• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Гүлмира Кудайбердиева: Эки тамга үчүн маселе көтөрүү туура эмес

28 Жалган куран 2019 12:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.03.2019.Govori.TV.

Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү – келечекке инвестиция” деген аталыштагы Кыргызстан жана Орусиянын ректорлорунун биринчи форуму өтүп жатат. Анда конокторду ката жазылган баннер менен тосуп алышкан.

Интернетте жарыяланган баннердин сүрөтү коомчулукта талкууга түшкөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева үн катып эки тамга үчүн маселе көтөрүү туура эместигин айтып өттү.

«Билим берүү системасында аябай чоң маанилүү долбоорлор, маселелер талкуу болду. Ошонун ичинен бир эки тамга үчүн маселе көтөрүлгөнү туура эмес деп ойлойм”,- деди Кудайбердиева.

Эске салсак, форумга эки өлкөнүн билим берүү жана илим министрлери, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынын ректорлору, Россиянын 40 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышкан.

Количество просмотров: 16