• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026
elections

Үгүт ишине кайсы партия канча каражат коротууда (тизме)

28 Аяк оона 202014:36 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт иштерине бир апта ичинде 52 млн 264,7 миң сом жумшашты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.

КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 25-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.

Маалыматка ылайык, каражат короткон партиялардын алдында «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Биримдик» партиялары келе жатат.

Саясий партиянын аталышыКелип түштүЧыгымдалды
1“Биримдик”(Единство)” демократиялык партиясы97 473 30094 736 258
2“Мекенчил”14 944 02513 953 869
3“Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы7 228 8007 115 634
4“Мекеним Кыргызстан”118 128 742116 108 485
5“Реформа”7 607 6427 443 417
6 “Ата Мекен” социалисттик партиясы49 456 71746791413
7“Замандаш”39 476 15339 157 832
8“Бүтүн Кыргызстан”8 725 5248 633 251
9“Социал-Демократтар”13 839 47013 750 579
10“Мекен Ынтымагы”7 113 3607 113 213
11“Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”10 564 50010 545 755
12“Ордо”9 380 0009 338 879
13“Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“43 936 29343 022 160
14“Республика”36 647 90536 571 968
15“Кыргызстан”98 423 14296301939
16“Чоң Казат”6 688 9146 467 754
 Бардык саясий партиялар боюнча:569634487557052406
Количество просмотров: 16