• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Генерал Талантбек Исаев ИИМге кайтып келет

3 Тогуздун айы 2018 13:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.10.2018.Govori.TV.
Генерал Талантбек Исаевге Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчылык кызматына кайра кайтып келүү сунушталганы айтылууда.
Бул боюнча Талантбек Исаевге Govori.TV. сайты байланышканда өз оюн төмөндөгүдөй билдирди.
“Биринчиден мен ИИМден кеткен эмесмин, экинчиден аталган кызмат сунушталган жок. Эгерде сунуш түшсө, кызматка барам»,- Т.Исаев
Талантбек Исаев — Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин бир тууган агасы. Канат Исаев «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деген шек менен камакка алынганда, агасы кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Анын арызын ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кабыл алган.
Учурда Канат Исаев үй камагында.

Количество просмотров: 22