• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Гиннес кыргыз беш бармагы боюнча ролик чыгарды (видео)

16 Баш оона 2018 19:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.05.2018.Govori.TV
Буга чейин гиннес китебине катталган кыргыз беш бармагы тууралуу гиннес ролик чыгарды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева өз баракчасына жайгаштырган.

https://www.facebook.com/GuinnessWorldRecords/videos/10155968244199032/

Ал өз сөзүндө кыргыздын сыйлуу тамагы беш бармакты бүт дүйнө элдери кызыгып көрүп, талкуулап жатышкандыгын белгилеп өттү.
«Биздин проектинин максаты ушул гана болчу. Идеяны алып чыгып , ийлеп ийнине жеткирип ,ишке ашырууда эмне деген уйкусуз күндөрдү, укмуштуу окуяларды ,эмне деген сөздөрдү, бут тосууларды, каралоолорду, баштан өткөрдүк. Кара жанды карч урган ал күндөрдү ушул жаңылык жууп кетти. 4 жылдан бери улуттук кызыкчылыктагы чоң долбоорлорду ишке ашырып келе жатабыз. Дүйнөнүн кайсы жеринде кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгы кепилдикке алынып көтөрүлүп жатат? Эч жерде….Дагы кайталайм Кыргызстандан башка эч бир жерде эске алынбайт. Демек улуттук баалууктар, улуттук кызыкчылык үчүн «Кыргызстан деген асманда күрөшүбүз керек. Мамлекеттик саясаттын толтосу, улуттук идеологиянын каракуш мээси дал ушуундай кызыкчылыкта болот. Эмгегибизди мамлекет билбесе да кыргыз эли билет. Бул долбоордун артында кыргыз эли, улуттун кызыкчылыгы, улуттун духу, элдин көп кылымдык тарыхы, кайталангыс маданияты, рух касиети, салт-санаасы, үрп-адаты, болочок тагдыры жана да элдин ыйык сезими, ар-намысы жатат. Биздин жүз жарык»,- деди Кулуева.

 

 

Количество просмотров: 52