• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Грузиянын жаңы президенти жөө жүрүп, жөнөкөй үйдө жашайт

30 Жетинин айы 2018 12:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.11.2018.Govori.TV
Грузиядагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Саломе Зурабишвил жөнөкөй сарайда жашап, ишмердүүлүк жүргүзө турганын жар салды. Ал Михаил Саакашвили үчүн тургузулган жаңы хан сарайда жашабайт. Жаңы президент Тбилиси шаарында жайгашкан  Орбелианы сарайында жашайт.
Бул тууралуу «Грузия жаңылыктары» жазды.

«Менин үй- бүлөмдө Бараташвилдиктер жана Орбелиандыктар болгон. Алар менин ата-бабаларым. Ошондуктан Обрелианы сарайы мага өтө жакын»,- деди журналисттерге берген маегинде Грузиянын жаңы шайланган президенти Саломе Зурабишвил.

Мындан сырткары, Саломи Зурабишвил:

«Резиденция мамлекеттин негизги символу болуш керек. Буга байланыштуу Премьер-министр, Тышкы иштер министрлиги сырттан келген конокторду кабыл алып турса ошол ыңгайлуу. Мен эмес, муну Өкмөт чечет. Ал жер президенттин орду эмес»,-деп кошумчалады.

 Ал  башкача типтеги президент боло турганын, өзүнүн жөнөкөй үйүндө күн кечирип, жөө баса турганын, азык-түлүктү базардан сатып алып, карапайым адамдар менен катарлаш жүрө турганын кошумчалады.
Учурда анын бул аракеттери серепчилер тарабынан мамлекеттин казынасынан үнөмдөө катары бааланууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Саломе Зурабишвил Грузияда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында көз карандысыз талапкер катары жеңип чыккан. Зурабишвил жалпы добуштун 59,52% ээ болгонун Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген.
Количество просмотров: 44