• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Гвинеянын президенти министрди сабады» деген видео интернетти жарды

18 Аяк оона 2020 19:19 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Гвинеянын президенти өлкөнүн эмгек министрин көчөдө СOVID-19га каршы бөлүнгөн каражатты жеп алганы үчүн ур-токмокко алып жатат деген видео тарады.

Видео материалдан костюм кийген эркек киши башка бирөөгө кол көтөрүп жатканын көрүүгө болот. Экинчиси качууга аракет кылганы менен анысы ишке ашпай калган.

Бирок, кийинчерээк кадрда президент жана министр эмес, жөн гана жеке ишкер менен кол астында иштеген кызматкер экени белгилүү болду.

Буга чейин «Африканын Гвинеясында президент Альфа Конде эмгек министрин көчөнүн так ортосунда сабады», — деген маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышкан болчу.

Количество просмотров: 128