UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов каза болду. Бул туурасында Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго таянуу менен РИА Новости билдирди.
Буга чейин Абдулманап Нурмагомедов коронавируска чалдыкканы маалымдалган болчу. Ошондой эле анын жүрөгүнө операция жасалган.