• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Хабибге атасы UFC берген жазадан алда канча күчтүү жаза берет

8 Тогуздун айы 2018 12:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.10.2018.   Govori.TV

Россиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов уулунун бул кадамга барганын туура эмес деп айтып чыкты. Ал беттештен кийин ирландиялык Макгрегордун командасы менен чатакташканы үчүн уулун катуу таптипте жазалайт. Бул туурасында Р-Спорт сайтына атасы маалымат берген. Анын айтымында мындай жерде башкы талап тарип болуш керек эле. 
«Сен октагондо каалаган нерсеңди жасасаң болот. Бирок, октагондун сыртында эмес. Ал жакта ар түрдүү катмардагы элдер олтурат да», — деген Нурмагомедов.
Ошондой эле Хабибдин атасы баласынын жүрүм-туруму чыныгы спортчунун мүнөзүнө жат көрүнүш экенин айтып, UFC уюмунун берген жазасынан өзүнүн берчү жазасы алда канча күчтүү болоорун кошумчалаган.
Кечээ Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин алкагында Нурмагомедов Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип, наамын коргоп калган. Беттештен кийин Нурмагомедов ачуусу менен буга чейин эле намысына тийип жүргөн Макгрегордун спарринг-өнөктөшүн тордон секирип барып тээп-чаап жаңжал чыгарган. Мунун кесепетининен массалык мушташ чыгып полиция кызматкерлери Хабибдин үч кишисин камакка алган.
Маалымат жыйында Нурмагомедов эмнеге андай кадамга барганын түшүндөргөн.
Макгрегор болсо камалгандарга карата арыз жазуудан баш тарткан эле. Бирок, коомчулук Хабиб Нурмагамедовдун бул кылганы туура эмес экенин айтып, талкуу кылышууда. Анын кашыктап жыйнаган абройун бул көрүнүш чөмүчтөп төгүп салууга себеп болду дегендер дагы болбой койгон жок. Анткен менен бул окуяны мусулманчылыкка жат көрүнүш катары сыпаттап, сабыр кылуу маанилүү болгонун жазышууда.
Тескерисинче Конор Макгрегор чуу чыгаргандардын үстүнөн арыз жазбай, гумандуу экенин көрсөткөнү коомчулукту таң калтырды.
Количество просмотров: 27