• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Хамастын лидери Исмаил Ханиянын акыркы сапарга узатуу зыйнаты Катарда өттү

4 Баш оона 202412:50 Бишкек Govori.TV


Тегеранда өлтүрүлгөн ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Ханияны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Катардын борборунда өттү. Көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө, анын ичинде Ливанда жана Түркияда аза күтүштү, деп билдирет Euronews.

Коштошуу аземине Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрүнүн жана саясий кыймылдардын лидерлери чогулушту. Алардын арасында Ирандын президенти Масуд Пезешкян да бар.

Ливанда миңдеген адамдар символикалык табытты көтөрүп борбор шаар Бейруттун көчөлөрүнө чыкты. Түркиянын борбору Анкарада Хамастын саясий лидери үчүн дуба окулду.

Иран Ханиянын өлүмү үчүн өч алаарын айтканда, АКШнын президенти Жо Байден согуштун босогосунда турган аймакта тынчтык орнотууга чакырды.

Количество просмотров: 106