• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Хизб ут-Тахрир» уюмунун аялдар канатынын мүчөлөрү кармалды

1 Теке 2020 10:21 Бишкек Govori.TV

Нарында «Хизб ут-Тахрир» уюмунун аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Маалыматта алты аял экстрмисттик уюмдун активдүү мүчөсү болгондугу айтылат.

«Жашаган жерлерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китеп, «Хизб ут-Тахрирди» пропагандалоого багытталган материалдарды камтыган планшет, ноутбуктар, телефон сим-карталары жана жазуусу бар күндөлүктөр табылды. Ал материалдар атайын экспертизага жөнөтүлдү», — дейт УКМК.

Белгилей кетсек, «Хизб ут-Тахрир» уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун токтому менен 2003-жылы экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында расмий түрдө тыюу салынган.

Жалпысынан Кыргызстанда 21 уюмдун ишине тыюу салынган

Количество просмотров: 151