Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кармалып, кийин үй камагына чыккан “Тон Манжылы Сервис” ишканасынын башкы директору Мирбек Исмаилов үйүнөн асынып каза болгон. Бул маалыматты “Азаттык” жазды.
Маркумдун сөөгү бүгүн, 15-мартта жерге берилди.
Мирбек Исмаилов эмне үчүн мындай кадамга барганы тууралуу маалыматтар жок.
УКМК 1-мартта тендер боюнча кылмышка шектелип “Тон Манжылы Сервис” ишканасынын башкы директору кармалганын 13-мартта билдирген. Ал Каракол шаарындагы №23 тергөө абагында жаткан.
Ысык-Көл облустук сотуна Мирбек Исмаиловдун жактоочусу апелляциялык арыз менен кайрылып, шектүү 12-марттан 28-апрелге чейин үй камагына чыгарылган.
Бул боюнча тийиштүү органдар расмий маалымат бере элек.