• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ички иштер министрлигинде 25 жетекчи тартиптик жазага тартылды

26 Теке 202418:17 Бишкек Govori.TV

 

Кызматтык милдеттерин аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын бир катар жетекчилерине тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жылдан биринчи жарымындагы аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумда айтылды.

Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын 25 жетекчиси тартиптик жазага тартылды. Анын ичинен бирөөсү кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду.

«Бир топ жетекчи кызматкерлердин ишмердүүлүгү 2024-жылдын 9 айынынын жыйынтыгына арналган отурумда каралат. Бүгүнкү коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 277