• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Идеал Хаус” VIP-шаарчасынын сатылышы боюнча тергөө жүрөт «Видео»

19 Бештин айы 201711:39 Бишкек Govori.TV

“Идеал Хаус” VIP-шаарчасынын сатылышы боюнча тергөө жүрөт”,-бул тууралуу мамлекеттик мүлк фондунун төрага орун басары Бакыт Мураталиев билдирди.

Ал мыйзамда көрсөтүлгөндөй көз карандысыз компания тандалып алынып шаарчаны компания баалаганын айтты.

“Аукционду фонддун кызматкерлери гана эмес мекемелер аралык комиссия караган. Комиссия карап көрүп фондго сунуш келтирген. Мен бул мыйзамдуу болгон деп эсептейм”,-деди Мураталиев.

Өз кезегинде фонд төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев бул маселе менен таанышканын айтты.

“Фонддун кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу болгон эмес деп ойлойм. Аукцион тогуз жолу өтүп тогузунчу жолу гана өтүп жатканы эле айтып турат”,-деди Зилалиев

Количество просмотров: 29