III Көчмөндөр оюндарында Ош шаары биринчи орун. 150 миң сом жана 15 диплом менен сыйланды (сүрөт)
III Көчмөндөр оюндарында Ош шаары биринчи орун. 150 миң сом жана 15 диплом менен сыйланды (сүрөт)
6 Аяк оона 2018 19:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.09.2018.Govori.TV.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышканы үчүн Ош шаарынын өкүлдөрү 150 миң сом жана 15 диплом менен сыйланды.
Кырчында улуттук каада-салтты көрсөтүү боюнча бир катар сынакта Ош шаары алдыңкы орундарга жетишкен. Алардын бири — кыз узатуу салты болуп, жыйынтыгында 1-орунга ээ болушту.
Ал Боз үйдү кооз жасалгалоо боюнча 3-орунду алышты.
Улуттук каада-салтты саханалаштыруу боюнча 1-орун.
Элдик кол өнөрчүлүк боюнча 2-орунду алышты.
Жана ошондой эле этномода боюнча кийимдин жаңыланган 80 түрү көрсөтүлүп анда 1-орун, улуттук кийим-кече көрсөтүү сынагы боюнча 1-орун, жүн сабоо боюнча 1-орун, көркөм сүрөт өнөрү боюнча живописчи Салтанат Кайдулдаева 3-орунду, ал эми скульптура боюнча Баатыр Жалиев 3-орунду алышты.