Кыргызстанда ар кыл себептер менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн чет өлкөлүк жарандар 10-июнга чейин документтерин мыйзамдаштыруусу керек. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанга окуу визасы же туристтик виза менен келип, бирок иштеп жүргөн жарандар дагы 10-июнга чейин аны иш визасы кылып өзгөртүп ала алат. Ал үчүн эч кандай жаза же айып пул төлөбөйт.
“Биздеги маалымат боюнча окууга деп келип, же турист катары келип ар кыл кызмат көрсөтүү иштерине орношуп алган чет элдик жарандар бар. Же болбосо эмгек визасы менен келип, бирок мөөнөтүн узартпай калгандар бар. Дал ошолорго документтерин тууралап алуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.
Ал үчүн ИИМдин бөлүмдөрүнүн бирине кайрылып, өлкөнүн аймагында кылмыш кылбаганы тууралуу маалымкат алса жетиштүү. Ошол маалымкат менен Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине кайрылып, визаларын тууралап алса болот”, — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, электрондук виза үчүн www.evisa.e-gov.kg. сайты иштеп жатат.
Ал эми жалпы чет өлкөлүк жарандар жүрүү режимине ылайык тийиштүү документ тариздөөсү зарыл.
Ал эми чет элдик жарандарды иштетип жүргөн ишкерлер жумушчулардын документтерине көңүл буруп коюусу абзел. Чет элдик жумушчулардын Кыргызстанда жүрүүсү мыйзамдуу болушу керек.
Жогоруда айтылгандай визасы окуу үчүн же туристтик болуп, бирок иштеп жүрсө, же эмгек визасынын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, анда тез арада документтерин тууралашы керек.
Бул үчүн аларда 10-июнга чейин убакыт бар экенин түшүндүрүү зарыл. Иш берүүчүлөрдө дагы жоопкерчилик бар экенин унутпоо керек. 10-июндан кийин рейддер жүрөт. Мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер депортация болот. Башкача айтканда өлкөдөн чыгарылат.
Толугураак маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылуу мүмкүн: