• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

ИИМ 19 жаңы кызматтык унаалуу болду

5 Аяк оона 2022 12:19 Бишкек Govori.TV

“Альянс Алтын” компаниясы Ички иштер министрлигине Chevrolet Nexia үлгүсүндөгү унааларды тапшырды. Бул тууралуу ИИмдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унааларды тапшыруу аземине “Альянс Алтын” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед Бажаев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

Ахмед Бажаевдин айтуусунда, компаниянын башкы максаттарынын бири катары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мамлекеттик органдарга жардам берүү эсептелет. Бул билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тутумун, андан сырткары укук коргоо органдарын колдоону түшүндүрөт.

Улан Ниязбеков жыл ичинде өлкөбүздүн аймагында элдин коопсуздугун камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткаруусу үчүн жылдын башынан бери 90 ашык авто-техникалык каражаттарды алынып, жер-жердеги ички иштер органдарына берилгенин билдирди.

Жаңы унаалар ИИМдин кызматкерлеринин ыкчамдуулугун жогорулатып, кесиптик милдеттерин аткарууга жардам берет. Жаңы унаалардын көбү аймактардагы ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилди. Алсак, Жалал-Абад ОИИБге-4, Чүй ОИИББге-4, Ысык-Көл ОИИБге-9, ИИМдин нөөмөт бөлүгүнө-1.

Андан сырткары, бүгүн ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси рейондун аймагындагы калкты тейлөө үчүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына милициянын көчмө кабылдамасы катары иштей турган “Газель” үлгүсүндөгү унааны тапшырды.

Количество просмотров: 81