• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ИИМ: 2022-жылдын 3 айында 326 митинг өткөн

22 Чын куран 2022 13:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-апрелде Бишкекте «Жарандардын тынч чогулуштарга болгон конституциялык укуктарын камсыз кылуу» деген темада тегерек стол өтүүдө. Иш-чара өлкөнүн Акыйкатчысынын демилгеси менен өтүп жатат.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык активисттер, укук коргоочулар, укук коргоо орогандарынын өкүлдөрү катышууда.

Анда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов сөз сүйлөп жыл башынан бери, тагырагы 3 айдын ичинде өлкө аймагында 326 тынчтын митинг өткөнүн билдирди.

«Алардын ичинен саясий мүнөздөгү 121 митинг, социалдык экономикалык мүнөздөгү 205 митинг өткөн. Жана ар бир митингдин тартиби атайы кызматкерлер тарабынан көзөлгө алынган. Тилекке каршы айрым учурларда тартип бузуулар катталат. Аларга жараша иш жасалат», — деди ал.

Бишкекте орус-украин согушуна байланыштуу тынч жыйын, митинг же башка акция өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салынган.

Количество просмотров: 83