• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

ИИМ: Бишкек шаарындагы мектептерден жарылуучу зат табылган жок

20 Үчтүн айы 2023 16:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте төрт мектепте бомба бар делген маалыматтан улам окуу процесси үзгүлтүккө учурады. Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, №33 мектеп, Ч.Айтматов атындагы лицей жана “Сейтек” билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалымат келген.

Бул тууралуу Бишкек ШИИБгы тиешелүү чаралар көрүлгөндүн натыйжасында эч кандай жардыруучу зат табылбаганын билдирди.


«2023-жылдын 20-январында эртең менен саат 09:30дар чамасында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына, «бомба коюлган» деген анонимдүү каттар келип түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топтору жана райондук бөлүмдөрдүн жетекчилиги дароо жөнөп, милиция кызматкерлери мектептердин аймагын курчоого алып, окуучулар жана администрация эвакуацияланган.
Тиешелүү иштерди Кыргыз Республикасынын ИИМнин кинологдору жүргүзүүдө.
Урматтуу жарандар бардык түшкөн чалуулар текшерилип жатат, кабатыр болбооңуздары суранабыз.
Бир дагы маалымат такталган жок»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 243