• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ИИМ: Эркиндигинен ажыратылган жайларга баңгизат ташып жүргөн жаран кармалды

9 Кулжа 2022 10:52 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 6-майында саат 01:00до караул ротасы Чүй облусунун аймагындагы эркиндигинен ажыратылган жайлардын бирине белгисиз жарандар эки баштыктагы өзгөчө жыттанган, боз-жашыл түстөгү “гашиш” баңгизатын ыргытканын байкап калышкан.


Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган зат 982 грамм салмактагы “гашиш” баңгизаты экени аныкталган.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышты, буга чейин бир нече жолу соттолгон, эркиндигинен ажыратылган жайларга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды “общактын” керектөөсү үчүн ташып киргизүү менен алектенген “Арс” каймана аттагы жигит жасагандыгы белгилүү болгон.

Кармалган жаран Токмок шаарынын тургуну 1989-жылы туулган Ж.А. экени такталды. Ал эркинен ажыратылган жайларга “гашиш” баңгизатын ыргытып жүргөндүгүн мойнуна алгандыгын айтышат ИИМдин маалымат кызматынан.

Количество просмотров: 382