• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМ: Үгүт иштери башталгандан бери 73 мыйзам бузуу фактысы катталды

11 Жетинин айы 2021 10:38 Бишкек Govori.TV

Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталгандан бери 73 мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен 19 факты Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу»), 186-беренеси («Жеке турмуштун кол тийбестигин бузуу») жана 200-берене («Уурдоо») боюнча катталды.

— Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык»), 87-1-беренеси («Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу»), 94-беренеси («Башка адамдардын мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү»), 90-беренеси («Уурдоо») боюнча – 17 факты катталды.

Ошондой эле, маалыматтык эсепке алуу журналына 37 материал катталып, анын ичинен 20 материал номенклатуралык ишке эсептен чыгарылып, 7 материал кылмыш ишинин материалдарына тиркелген, дагы 3 материал каралууда.

«Шайлоого даярданууда жана өткөрүүдө административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары Ош шаарында жана Ош облусунда катталган, ал эми Жалал-Абад жана Чүй облустарында ушул сыяктуу фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Аны менен катар, шайлоочуларды сатып алуу фактысы менен Чүй, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, месенджерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына жана «102» телефон номери аркылуу кабарлоону суранат.

Количество просмотров: 101