Баткен облусунун Ак-Сай айылынын «Головной» аймагында тажик тараптын миномёттон ок аткылоосунан кийин 25тен ашуун жергиликтүү тургундун сөөгү табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда аткылоодо каза болгондордун сөөгүн табуу иштери уланууда.
Ички иштер министрлиги 2-майга карата кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуунун жүрүшүндөгү кылмыштар боюнча 11 материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кошумчалады.