• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

ИИМ: Куралдарды, ок-дарыларды жарандар өз эрки менен тапшыра баштады

26 Аяк оона 2019 13:42 Бишкек Govori.TV

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан калк арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жарандар өз эрки менен тапшыра баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрь күнү милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунун 1989-жылы туулган Ж. Э., аттуу жашоочусу атасынан калган ИЖ-27 үлгүсүндөгү 12-калибрдеги мылтыгын 27 даана огу менен жана 5,6 мм калибрдеги 20 даана кутучадагы (ар биринде 50дөн) 1000 даана огун өткөрүп берген.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 39 жаштагы Х. К., аттуу жашоочусу чоң атасынан калган К-16/2 үлгүсүндөгү ок атуучу куралын ѳз ыктыяры менен тапшырган.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 28 жаштагы А. К., аттуу тургуну мыйзамсыз сактап жүргөн Иж-12 үлгүсүндөгү 16-калибрлүү ок атуучу куралын ѳз ыктыяры менен тапшырган факты катталган.

Ошондой эле, 24-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунун 35 жаштагы К. у. Б., аттуу тургуну Чолпон айылынын токоюнан мал издеп жүрүп, 32-калибрдеги ок атуучу курал таап алып, милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Милиция кызматкери жарандар ок атуучу куралдардын ээси болбосо, аны сактоого, колдонууга уруксат берилбээрин эскертет. Ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшыруу максатында ички иштер органдарына баруу милдеттүү эмес, милицияга телефон аркылуу чалуу жетиштүү.

Өз эрки менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Количество просмотров: 243