• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМ Курсан Асановдун кармалышы боюнча маалымат таратты

14 Аяк оона 2021 23:39 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы КЖБРге катталган КР Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча жаңы сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө КР ички иштер министринин мурдагы орун басары К.Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөндүгү аныкталган.

Ушуга байланыштуу, К.Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 136