• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Министр: Мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо боюнча 966 мектепте сынак жүрөт

13 Теке 2022 11:34 Бишкек Govori.TV

Мектеп жетекчилер сынактын негизге тандала баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлорунун саны 966ны түзөт.

«Демек, 966 мектепте сынак жүрөт. Калгандарында директорлорунун иштөө мөөнөтү беш жылдан ашканда сынак жарыяланат. Район, шаардын билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин деңгээлинде кээде кадрдык мүчүлүштүктөр болуп калышы мүмкүн. Бирок, баарына бирдиктүү мамиле кылып, жетекчилер ачык-айкын түрдө сынактык негизде дайындалып келсин деген кадамга барып жатабыз. Жетекчилер эки этапта дайындалат: талапкерлердин документтерин кабыл алуудагы тиешелүү критерийлерге жооп бериши керек, экинчиси тестирлөө өткөрүлөт. Тест онлайн түрдө коомчулукка көрсөтүлүп турат”, — деди министр.

Количество просмотров: 2730