• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ИИМ: Мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев кармалды

12 Тогуздун айы 2020 9:11 Бишкек Govori.TV

Мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ала-Тоо» аянтындагы окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси («Массалык башаламандык») менен кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«5-октябрдан 6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 231