• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМ: Мыйзамсыз миграцияны уюштурган канал аныкталды

3 Бугу 2021 15:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштурган канал аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташкан.

«Жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчисинин орун басары башкы директорунун жоктугунан пайдаланып, мамлекеттик органдарга жалган маалыматтарды берүү аркылуу эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашыруу шылтоосу менен чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз өлкөсүнүн аймагына келүүлөрүнө уруксат берүүчү документтерди жасап жүргөн. Бул кызмат көрсөтүүсү үчүн сый акы алып жүргөнү маалым болгон. Аталган ЖЧКнын башкы директору болгон чет өлкөлүк М.К. аттуу жаран өлкө аймагынан тышкары чыгып кеткенден бери, анын орун басары жүргүзгөн ишмердүүлүк жасалма болгон. Жогорудагы ЖЧКда чет өлкөлүк жарандар эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн эмес жана тиешелүү болгон документтери жок башка иштерде иштеп жүргөндүгү аныкталды. Аталган ЖЧКда чет өлкөлүк жарандарга өлкө аймагына келүүсү жана жүрүүсү боюнча мыйзамсыз кызматтарды көрсөтүлүп келген. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 122-беренеси «мыйзамсыз миграцияны уюштуруу» боюнча катталып, иш сотко жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 1709