• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Парламенттик шайлоо качан өтөт? БШКнын жообу

21 Үчтүн айы 202118:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-январда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Анда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоо качан өтө турганын айтты.

«Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоо конституциялык реформа жүргүзүлгөндөн кийин өтөт»,-деди ал.

Өткөн жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, бирок 5-6-октябрдагы окуялардан кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. БШК парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок Жогорку Кеңеш кайрадан парламенттик шайлоону өткөрүү иштерин токтоткон.

Количество просмотров: 73