• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

ИИМ: Россияга баңгизаттардын ири партиясын ташыган жарандар кармалды

22 Бештин айы 2022 11:04 Бишкек Govori.TV

Россияга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын ташыган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан аталган баңги топтун активдүү мүчөсү, Россия Федерациясынын 1988-жылы туулган жараны М.С. кармалгандыгы аныкталган. 2022-жылдын 21-ноябрында Новосибирск шаарынан ижарага алынган кампага тинтүү жүргүзүлүп, «травертин» фасаддык плиткаларына катылган 68 килограмм «Афган чарсы» жана пакеттеги 4 килограмм «Героин» баңгизаты табылып алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кармалган жаран М.С. Бишкек шаарындагы 2 шеригинин жардамы менен баңгизат ташууну уюштурган.

«Бишкек шаарынын Жаш Гвардия — Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1997-жылы туулган К.Ж. кармалган. Андан кийин Панфилов-Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинен экинчи шериги Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1997-жылы туулган А.А. кармалган. Алар жогорудагы Россия Федерациясынын жаранына Россияга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын аткезчилик жол менен алып өтүүнү уюштурууга жардам берип жүрүшкөн. Учурда бул баңги кылмыштарына дагы эки адамдын тиешеси бар экени аныкталды. Алар Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1976-жылы туулган Р.Р. менен жаран 1987-жылы туулган К.З.. Бул жарандарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Андан сырткары, иликтөөнүн жүрүшүндө жарандар К.Ж., А.А., К.З. жана Р.Р. белгисиз жарандар менен бирге Россия Федерациясына жөнөтүү үчүн Сары-Таш плиткаларына баңгизаттарды жашырган жерлерди жасашкан гараж табылган. Баңгизаттарды жашырган плиткаларды өндүрүү үчүн арналган далил заттар табылып алынды»,-деп атылат маалыматта.

Учурда иликтөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 374