• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ИИМ: Шайлоо өнөктүгүндө 400 мыйзам бузуу фактысы катталды

28 Жетинин айы 202110:28 Бишкек Govori.TV

Быйыл 28-августтан 28-ноябрга чейин шайлоого байланышкан 408 факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов 28-ноябрда брифингде билдирди.

Анын ичинде 67си кылмыш, 76сы жорук жана башка фактылар бар.

Бишкек шаарында 52, Ош шаарында 29, Чүй облусунда 69, Ысык-Көл облусунда 23, Нарын облусунда 47, Ош облусунда 91, Жалал-Абад облусунда 52, Талас облусунда 27, Баткен облусунда 18 факты катталды.

Күч органдарынын 12 миңден ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Алар добуш берүү күнү шайлоо тилкелеринде жана жалпы өлкө боюнча коомдук коопсуздук көзөмөлдөйт.

Количество просмотров: 97