• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМ: Шайлоонун жол-жобосун бузган 128 факты катталды

15 Жетинин айы 2021 11:51 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда Ички иштер министрлиги жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Ошондой эле, ИИМ жарандардын арасында коомдук тынчсыздандырууга алып келген жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга жана телерадио жыштыгына мониторинг жүргүзүп жатат.

Шайлоо алдындагы үгүттөө иш-чаралары башталган учурдан тартып 2021-жылдын 15-ноябрынын саат 08:00 убактысына карата шайлоонун жол-жобосун бузган 128 факты катталган.

Бул көрсөтүлгөн аралыкта 28 кылмыш катталды. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси “Шайлоочуларды сатып алуу” боюнча 21 факты, 82-беренеси “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” боюнча 2 факты, 200-беренеси “Уурдоо” боюнча 2 факты, 355-беренеси “Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук” боюнча 1 факты, 145-беренеси “Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу жана коркутуу” боюнча 1 факты, жана 266-беренеси “Ээнбаштык” боюнча 1 факты катталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында 27 жоруктар катталган. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси “Майда бейбаштык” боюнча 1 факты, 87-1-беренеси “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу” боюнча 18 факты, 94-беренеси “Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу” боюнча 6 факты, 90-беренеси “Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо” боюнча 6 факты жана 66-беренесинде “Ден соолукка жеңил зыян келтирүү” боюнча 1 факты катталган.

Мындан тышкары, ИИОнун маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 73 материал катталган, анын ичинен 43 номенклатуралык ишке чыгышталган, 15 материал аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 8 материал башка сотко чейинки өндүрүшкө бириктирилген, дагы 7 материал каралууда.

Количество просмотров: 95