• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

ИИМ: Соцтармакта улут аралык кастыкты козуткан жаран кармалды

4 Аяк оона 2023 9:37 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги социалдык тармакта улут аралык кастыкты козуткан 27 жаштагы А.С. аттуу жаранды кармады.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2-сентябрда интернет желесинде белгисиз жарандын массалык маалымат каражаттарына регион аралык кастыкты козутуучу сөздөрдү айтып видеокайрылуу жасаган видеосу тараган.

Аталган факты Бишкек шаардык ИИББнын МЭЖне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган А.С. аттуу жарандын өздүгү такталып, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына жеткирилген.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-амалдары улантылууда.

Ички иштер министрлиги эскертет, мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 445