• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

ИИМ: Телефон алдамчыларына акча ташыган курьер кармалды

5 Жалган куран 202417:08 Бишкек Govori.TV

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка катыштыгы бар курьер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБи менен биргеликте телефон алдамчылыгына аралашкан кезектеги шектүүнү кармашкан. Курьер алданган жарандардан өзгөчө ири өлчөмдө акча алып турган. Февралдын аягында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, телефон алдамчылыгы тууралуу билдирген. Түнкү маалда белгисиз адамдар жабырлануучунун үйүндө орнотулган телефонго жана уюлдук телефонго чалышып, “кызың жол кырсыгына кабылды” деген шылтоо менен алдап, 12000 АКШ долларын жана 250 миң сомун ээлеп алышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү “Алдамчылык” менен кылмыш иши козголгон.

«Жабырлануучулардан акча каражатын алып, үчүнчү жактардын эсебине жиберген курьер кармалды. Кармалган жаран 2003-жылы туулган Ш.уулу Т. борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин студенти. Анын мындан башка дагы беш телефон алдамчылык кылмыштарына тиешеси бар экендиги аныкталды. Алсак, шектүү 2003-жылы туулган Ш.уулу Т. Бишкек шаарындагы 4-кичирайонундагы жабырлануучулардан 250 миң сом алып кеткен. Андан соң, Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган тургундан 29000 АКШ долларын, “Чыгыш-5” кичирайонунун жашоочусунан 265000 сомун жана 300 АКШ долларын, “Жал” кичирайонунун бир тургунунан 9000 АКШ долларын, ал эми экинчи тургунунан 250 000 сомун, 900 АКШ долларын, 1500 евросун алып кеткен. Жогорудагы курьер бул жабырлануучулардын үйүнө келип, акча каражаттарын алып турган»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 238