• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМ өз кызматкерин өгөйлөйбү?

26 Аяк оона 2022 18:44 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинде 15 жыл кызмат өтөгөн Тимур Маралбаев учурда жардамга муктаж. Анын гемодиализ алууга негиз жаратып келе жаткан, 2-группадагы майыптуулугу бар. Мындай диагноз коюлгандан кийин ден соолугуна байланыштуу жумуштан четтетилип, ага жөлөк пул төлөнүшү керек болчу.


Мыйзам боюнча комиссиядан өткөндөн кийин, 2,3 айдын ичинде ага акча төлөнүшү керек болчу. Бирок, 1 жыл өтсө да ар кандай шылтоолор менен кечиктирип жатышат дейт жаран.

Тимур Маралбаев учурда 4 баласы менен батирде турат. Айтымында 8 айдан бери ижара акысын бере элек. Балдарынын кемчилигин камсыздоого дагы каражаты жетишпей келет.

Учурунда укук коргоо органында иштеп, азыр мынтип өзүнүн укугу корголбой жаткандыгына кейийт.

Мүмкүнчүлүгү бар кайрымдуу жарандар төмөнкү номурлар аркылуу жардам берсе болот:


РСК ЭЛКАРТ 9417 0885 6217 1184 Тимур Маралбаевдин картасы
+996 507 63 63 41 Тимур Маралбаевдин телефон номуру
+996 702 64 91 67 Асылбек кызы Жибек (келинчеги)

Количество просмотров: 47