• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМдин атайын тизмесинде турган кылмыштуу топтун 8 мүчөсү камалган

27 Үчтүн айы 2020 9:34 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан ушул жылдын 1-чейректеги планына ылайык 23-25-январь күндөрү «Бандит» деген аталыштагы алдын алуу иш чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Иш чараны өткөрүү алдында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан көрсөтмөлөр берилип, Ош шаарындагы бир дагы кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ээн эркин кылмыш жасап жүрүшүнө мүмкүнчүлүк бербөө керектиги өздүк курамга каттуу эскертилди. «Кылмышкерлердин орду түрмөдө. Алар коомдон изоляцияда туруусу керек. Буга чейин милиция кылмыш топторуна кандай күрөшкөн болсо-мындан кийин дагы уланта беребиз. Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө орун жок» деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги М.Боронов.

Бул рейддин жүрүшүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарында жашашкан ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 16 жаран алынып келинип, профилактикалык иш чаралар жүргүзүлдү. Мыйзамды бузбай, коомдук тартипти сактап, эл катары тынч жашоосу зарылдыгы эскертилди. Андан сырткары криминалдык милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө турган, кылмыш жасоого кызыкдар, кылмыштуу топтор менен мурда байланышы болгон жана мурда соттолуап чыккан жарандар менен дагы профилактикалык эскертүү жумуштары аткарылды.

Иш чаранын жүрүшүндө төмөндөгү жумуштар аткарылды:
-мурда жасалган 57 кылмыштын бети ачылды;
-4 издөөдө жүргөн кылмышка шектүү жаран кармалды;
-2 дайынсыз жоголгон жарандардын жүргөн жери аныкталып, туугандарына маалымат берилди;
-22 терезелери мыйзамсыз караңгылатылан автоунаа токтотулуп, ээлерине жазана салынды. 6 мас айдоочу кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан өткөн 2019-жылы Ош шаарында жашашкан, ИИМдин атайын тизмесинде турган 8 жарандын үстүнөн тергөө иштери жүргүзүлүп, учурда алар жаза өтөө мекемелеринде жазаларын өтөп жатышат. Бир адамга издөө жарыяланган. Учурда ыкчам маалыматтарга караганда Россия Федерациясынын аймагында жашырынып жүрөт.

Ал эми калган Ош шаарында жашаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн иш аракеттери Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын көзөмөлүндө турат.

Маалымат иретинде: Жалпысынан ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ош шаарында 34 адам турат. Алардын бирөөсүнүн үстүнөн сотко чейинки өндүрүш уланууда. Өткөн 2019-жылы жалпысынан 16 кылмышиуу топтун мүчөсүнүн үстүнөн 23 ирет кылмыш иши тергелген.(Айрымдарынын үстүнон бир нече жолу). Натыйжасында 8 жаран жаза өтөө абактарында отурат.

Ал эми 9 адам Ош шаарынан чыгып кетишкен. Көпчүлүгү Россия Федерациясынын аймагында. Ош шаарында жашап турушкан 16 жаран-милициянын көзөмөлүндө. Алар тарабынан кандайдыр бир кылмыш жасоого аракеттер боло турган болсо-чечкиндүү чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 1372