• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

ИИМдин кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

31 Теке 202415:42 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө КР ИИМдин кызматкерлери пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери тарабынан КР ИИМдин Ички чалгындоо кызматынын катышуусунда жүргүзүлгөн комплекстүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 30-июлунда кызматтык бөлмөсүндө 83 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Балыкчы шаарындагы КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери И.К.С. жана Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Ш.Ж.Т. кармалды.

Аталган кызматкерлер Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүндө катталган тергөөгө чейинки текшерүүнү токтотуу маселесин оң чечип берүү үчүн ишкерден акча талап кылышкан.

Кармалган адамдар козголгон кылмыш ишинин алкагында процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн Бишкек шаарына алынып келинип, жыйынтыгында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иши уланууда.

Количество просмотров: 147