• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

ИИМдин Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси каза болду

13 Бештин айы 2021 15:52 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Сыргак Айткурманов каза болду. Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга калаадагы №4 шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө 1977-жылы туулган С. А. аттуу жаран келип түшкөндүгү маалымдалган.

Жогорудагы маалымат Бишкек шаарынын Свердлов РИИБсинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Дарыгерлердин аныктамасына ылайык, Айткурманов ооруканага баш-мээнин жабык жаракаты диагнозу менен эс-учу жок келип түшкөн. Ал эсине келбегендиктен окуянын жагдайлары боюнча суракка алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес, ошондой эле анын жанында өздүгүн аныктоочу документтери (айдоочулук кубөлүгү, ID паспорту) менен “Айфон” үлгүдөгү уюлдук аппараты бар экендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын билдирүүсүнө таянсак, Тез жардам кызматына чалган жаран Гоголь-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жерде адам жаткандыгын кабарлаган.

Медициналык кызматкерлердин аракетине карабастан Айткурманов эсине келбестен түнкү саат 24:00дө каза болгон.

Экспертиза тарабынан ага алдын ала өнөкөт боор жетишсиздиги диагнозу коюлган.

Аталган жагдай боюнча сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 563